Akchabarsearch
BAKAI Камсыздандыруу — Kyrgyz Trans Logistic 2025 көргөзмөсүнүн өнөктөшү: сиздин бизнесиңиз үчүн ишенимдүү камсыздоо

Жарыяланган

2025-29-10, 18:04

BAKAI Камсыздандыруу — Kyrgyz Trans Logistic 2025 көргөзмөсүнүн өнөктөшү: сиздин бизнесиңиз үчүн ишенимдүү камсыздоо

28–30-октябрь күндөрү Бишкекте BAKAI Камсыздандыруу компаниясы расмий өнөктөштүк кылып жаткан логистика, транспорт жана камсыздандыруу боюнча эл аралык Kyrgyz Trans Logistic 2025 көргөзмөсү өтүүдө.

Бул көргөзмө ар тармактын адистерин, ишкерлерди жана каржы уюмдарын бириктирип, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандагы транспорттук жана логистикалык кызматтар рыногу үчүн жаңы ыкмаларды издөөчү аянтча катары кызмат кылат.

BAKAI Камсыздандыруунун маалымат тактасынан катышуучулар жүктөрдү, унааларды жана компаниянын мүлкүн кантип ишенимдүү камсыздандырууга болорун билип, бизнеске ылайык камсыздандыруу продукттарын тандап жана адистерден жеке кеңеш ала алышат.

BAKAI Камсыздандыруу ишкерлер жана корпоративдик кардарлар үчүн төмөнкү багыттар боюнча кеңири кызматтарды сунуштайт:

* жүктөрдү жана транспорт каражаттарын камсыздандыруу;

* мүлктү жана өндүрүштүк имараттарды камсыздандыруу;

* өнөктөштөр жана кардарлар алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу;

* кызматкерлердин саламаттыгын камсыздандыруу;

* саякаттарды жана иш сапарларын камсыздандыруу.

Ар бир продукт бизнес өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгып, логистикадан тарта өнөр жайга чейин бардык тармактардагы тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

«Бул көргөзмөгө катышуу биз үчүн бизнеске жакын болуу, анын реалдуу муктаждыктарын түшүнүү жана кам санабай, ишенимдүү иштөөгө жардам берген комплекстүү чечимдерди сунуштоо мүмкүнчүлүгү. Биз жөн гана камсыздандыруу эмес, ар бир кырдаалда коргоону, ишенимди жана колдоого алууну сунуштайбыз», — деп белгилешти BAKAI Камсыздандыруу компаниясынан.

BAKAI Камсыздандыруу — Кыргызстандагы ири коммерциялык банктардын бири болгон BAKAI экосистемасынын бир бөлүгү. Компания жеке жана юридикалык жактар үчүн ар кандай чечимдерди сунуштайт:

ОСАГО, КАСКО, жүктөрдү, мүлктү, саламаттыкты жана сапарларды камсыздандыруу.

Компаниянын миссиясы — камсыздандырууну жеткиликтүү, жөнөкөй жана пайдалуу коргоо куралына айлантуу, ошондой эле өлкөдөгү каржылык коопсуздуктун маданиятын жогорулатуу.


Тектеш материалды окуу