Akchabarsearch
ЖК депутаттарын шайлоо: 34 өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

Жарыяланган

2025-29-10, 18:29

ЖК депутаттарын шайлоо: 34 өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат

30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосунда мекендештер добуш берүүсү үчүн 34 өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. 

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев чет жакта жашап, иштеп жаткан жарандардын шайлоого катышуусун уюштуруп берүү мамлекеттин милдети экенин билдирди.  

"Учурда жүз миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жатышат. Алардын ар бири Кыргызстандын жараны катары өз добушун берүүгө жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга укуктуу. Ошондуктан, алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу – мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин негизги максатыбыз - шайлоону ачык, мыйзамдуу, коопсуз өткөрүү. Ар бир жарандын добушу саналып, ар бир шайлоо участкасынын иши жогорку деңгээлде уюштурулушу маанилүү", - деди ал.


Тектеш материалды окуу