Akchabarsearch
Бакыт Төрөбаев  айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Жарыяланган

2026-24-02, 16:44

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын март айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Ал эми 2023-жылдын декабрынан баштап ага кошумча айыл чарба министринин кызматы жүктөлгөн.

 


 


Тектеш материалды окуу