
Жарыяланган
2026-02-02, 14:06Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык финансы институттарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн суу жана ирригация тармагын өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк чакырыктардын масштабын, тармактын инвестициялык муктаждыктарын талкуулашты.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана башка эл аралык өнөктөштөр ортосундагы суу чарба иштери боюнча буга чейин түзүлгөн долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.


