
Жарыяланган
2026-02-07, 14:22Кыргызстанда 1-июлда “бала ырысы” жөлөкпулун алууга арыздарды кабыл алуу башталып, биринчи күнү эле 14 миң 318 арыз келип түштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Алардын ичинен 13 миң 782 балага жөлөкпул дайындалган.
Дагы 536 арыз кабыл алынган эмес. Буга жарандардын жеке маалыматтары мамлекеттик маалыматтык системадагы маалыматтар менен дал келбегендиги себеп болгон. Учурда тиешелүү органдар мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштеп жатат. Алар жоюлгандан кийин калган балдарга да жөлөкпул дайындалат.
Эскерте кетсек, “бала ырысы” жөлөкпулу Кыргызстандагы үч жашка чейинки балдарга бай-кедей үй-бүлөдө жашаганына карабай төлөнөт.



