Akchabarsearch
    Балага сүйүнчү бир жолку төлөмү боюнча 57,5 млн сом бөлүндү
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-20-02, 14:02

    Балага сүйүнчү бир жолку төлөмү боюнча 57,5 млн сом бөлүндү

    Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 миң 346 балага "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү боюнча 57 млн 522 миң сом каржыланды.

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом берилди.

    2024-жылдын 1-февралына карата 14 миң 835 балага 59 млн 477 миң сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнгөн.


    Тектеш материалды окуу