Akchabarsearch
Былтыркы жылы 136 миңден ашык бала “балага сүйүнчү” төлөмүн алды

Жарыяланган

2026-26-02, 13:20

Былтыркы жылы 136 миңден ашык бала “балага сүйүнчү” төлөмүн алды

Былтыркы жылы 136 миң 568  бала “балага сүйүнчү” төлөмүн алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы алуучулардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр.

Эске салсак, «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.


Тектеш материалды окуу