
Жарыяланган
2026-16-07, 16:142026-жылдын 1-июлуна карата 67 миң 468 балага төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалды. Аны каржылоого республикалык бюджеттен 271 млн сом бөлүндү.
Салыштырсак, 2025-жылдын ушул мезгилинде мындай төлөм 65 миң 967 балага берилген.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, «Балага сүйүнчү» жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо максатында мамлекет тарабынан төлөнөт.
Бул төлөмдү алуу үчүн ата-энелер бала төрөлгөндөн кийин 6 айдын ичинде кайрылышы керек. Арыз берүүдө ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымкат талап кылынат.


