Жарыяланган
2025-26-03, 16:45"Балыкчы эт комбинаты" ЖЧКсынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, У.С.И. аттуу жаран 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейинки мезгилде "Кыргызтрансавто" мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп туруп айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган өнөр жай объектисин жана жер участогун Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттик баланстан чыгарылгандыгын аныкталган.
Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы аянты 10,7 га "Балыкчы эт комбинаты" ЖЧКсынын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү.