Жарыяланган
2025-15-09, 17:13Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан 6 миң 847 чарчы метр (азыркы Балыкчы шаарынын "мал базары") жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жогоруда аталган объект муниципалитеттин менчигинен чыгарылып, Балыкчы шаардык администрациясы тарабынан КРнын мыйзамдарынын белгиленген ченемдерин бузуу менен, 2000-жылдагы токтомдун негизинде жол-жоболоштурулгандыгы такталган.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча участок мамлекеттик менчикке кайтарылды жана тиешелүү баланска коюлду.