Жарыяланган
2026-29-05, 15:03Балыкчы шаарында “Кыргызалтын” ААКтын “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Анын айтымында, борбор Улуу Жибек жолунун маанилүү багыттарынын биринде жайгашып, Кытайды, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык хабдардын бири болот.
“Бул борбор эл аралык соода байланыштарын кеңейтүүгө, жүк ташууларды көбөйтүүгө жана Кыргызстандын транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө жардам берет”, — деди Касымалиев.
Борбордо 80ден ашык жаңы жумуш орду түзүлдү.
“Алтын Логистик” борбору 5.5 гектар аянтта жайгашып, күнүнө 200гө чейин жүк ташуучу унааны тейлей алат.
