Akchabarsearch
Балыкчынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 500 миллион сом бөлүнөт

Жарыяланган

2025-06-11, 15:33

Балыкчынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 500 миллион сом бөлүнөт

Балыкчынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн президенттин турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникаларды тапшыруу аземинде  билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына 100 миллион сомдук атайын жаңы техникаларды тапшырды. Жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар: жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалары Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына берилди. Камчыбек Ташиев тапшырылган техникалар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, санитардык тазалыкты жана коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи. Ал Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан туристтик негизги аймактардын бири болгондуктан, калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу маанилүү кадамдардын бири экендигин кошумчалады. Техникаларды тапшыруу аземинде Камчыбек Ташиев чогулган элдин кайрылууларына дагы көңул бурду. Анда аймактагы жерлердин мыйзамсыз берилиши, калкты турак жай менен камсыздоо жана жергиликтүү социалдык кызматтардагы мыйзамсыздыктар боюнча маселелер айтылды. Мындан улам, УКМКнын төрагасы айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү жеринде тийиштүү кызматтагыларга тапшырды.


Тектеш материалды окуу