
Жарыяланган
2026-13-11, 16:16Балыкчы шаарында медициналык мекемелерди өнүктүрүүгө 270 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка курулуш иштери жүргүзүлүп, ооруканалар жаңы жабдуулар менен камсыздалган.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 13-ноябрдагы Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.
Шаарда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого арналган катетеризациялык лаборатория ишке кирген. Ал ачылгандан бери 235 жаранга жүрөк стенттери орнотулган.
Мындан тышкары, билим берүү тармагында эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилген.
Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен билим берүү мекемелерин оңдоого 73 млн сом каралган.

