
Жарыяланган
2026-17-07, 10:11Транспорт министрлигине караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбор Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунун эки тилкесинде жол оңдоо-тейлөө пункттарын куруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 12 млн 798 миң 996 сомду түзөт.
Анын алкагында жолдун 107-чакырымында, Кызарт айылынын аймагында 6 млн 422 миң 876 сомго бир жол тейлөө пункту, ал эми 318-чакырымында, Жалал-Абад тилкесинде 6 млн 376 миң 120 сомго дагы бир пункт курулат.
Курулуш иштеринде бардык негизги курулуш материалдарын буюртмачы тарап камсыздайт. Подрядчы компаниялар курулуш иштерин жүргүзүп, объекттерди келишим түзүлгөн күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде бүткөрүшү керек.
Тендерге катышуучулар ушул сыяктуу объекттерди куруу боюнча тажрыйбасын, лицензиясын жана квалификациялуу адистеринин бар экенин тастыктоого тийиш. Ошондой эле керектүү курулуш техникалары жана жабдуулары болушу зарыл.
Долбоор боюнча аткарылган иштерге беш жылдык кепилдик мөөнөтү каралган. Тендердик сунуштар 21-июлга чейин кабыл алынат.



