Akchabarsearch
Бишкектин Ленин районундагы беш жолду оңдоого 119 млн сомго тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-09-07, 14:44

Бишкектин Ленин районундагы беш жолду оңдоого 119 млн сомго тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын Ленин районундагы бир нече көчөлөрдү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн мамлекеттик сатып алуу жарыяланды. Жалпы пландалган сумма 118.9 млн сомду түзөт.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, оңдоо иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:

·  Купянская көчөсү (Гагарин көчөсүнөн Космическая көчөсүнө чейин) — 59.8 млн сом;
·   Жал-23 кичи районундагы жолдор — 20.9 млн сом;
·   И. Ахунбаев көчөсүндөгү жолдор — 5.4 млн сом;
·   Ч. Айтматов көчөсүндөгү жолдор — 6.1 млн сом;
·   Алтымышева көчөсү (Ш. Руставели көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин) — 26.5 млн        сом.

Ар бир объект боюнча иштерди аткаруу мөөнөтү 60 календардык күн деп белгиленген.

Тендерге катышкан компаниялар жол куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө лицензиясы болушу керек. Ошондой эле асфальт-бетон заводуна ээ болушу же мындай завод менен келишими, керектүү атайын техникасы жана ушул сыяктуу иштерди аткаруу тажрыйбасы талап кылынат.

Жеңүүчү компания аткарылган иштерге үч жылдык кепилдик берет. Эгер кемчиликтер аныкталса, подрядчы аларды беш календардык күндүн ичинде оңдоого милдеттүү болот.

Тендерге арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 23-июлуна чейин белгиленген.


Тектеш материалды окуу