
Жарыяланган
2025-03-12, 12:31Кыргызстандагы банктар 1-декабрдан тарта рубль менен которулган акчалардан 1.5%га чейин комиссия кармап калууга укук алды. Бул тууралуу Астрасенд компаниясы билдирди.
Компания белгилегендей, аталган комиссия акча которуу үчүн алынган акы эмес. Ал үчүн өзүнчө акча алынат.
Ошондуктан компания Кыргызстанга рубль менен акча которуп жатканда, аны алып жаткан адам 1.5%га чейин кошумча комиссия төлөп калышы мүмкүн экенин эске алууну сунуштайт.
Ал эми долларды кошумча комиссиясыз которууга болот.
Белгилей кетсек, банктар рубль менен которулган акчадан сөзсүз 1.5% кармап калбайт. Ал андан аз болушу мүмкүн же такыр алынбашы ыктымал. Аны ар бир банк өзү чечет.



