Akchabarsearch
    Башка банкта насыяңыз барбы? Аны 18%дан башталган төмөнкү чен менен Bakai Bank’ка өткөрүңүз (рефинансылоо)

    Жарыяланган

    2025-14-08, 17:04

    Башка банкта насыяңыз барбы? Аны 18%дан башталган төмөнкү чен менен Bakai Bank’ка өткөрүңүз (рефинансылоо)

    2025-жылдын 12-августунан 30-сентябрына чейин Bakai Bank кардарларына пайдалуу мүмкүнчүлүктү – башка банктардан же чакан каржылоо уюмдарынан алган насыяларыңызды жылдык 17,8 %дан башталган төмөндөтүлгөн чен менен рефинансылоону сунуштайт. Эми сиз өзүңүздүн бересеңизди Bakai Bank’ка оңой эле өткөрүп, чыгымдарды оптималдаштырып, ай сайын төлөнүүчү төлөм жүгүн азайтсаңыз болот. 

    "Суперэкспресс" продуктусу менен рефинансылоо – бул аз төлөп, жеңил жашоонун жөнөкөй ыкмасы. Банктын айлык-маяна боюнча кардарлары жана пенсионер кардарлары жылдык 17,8%дык ченди пайдалана алат, башка кардарлар үчүн бул чен жылдык 18%ды түзөт. 

    Биз жогорку пайыздык чен каржылык туруктуулукка көп учурда тоскоолдук жаратарын түшүнөбүз. Биздин максат – кардарларга көнүп калган төлөм графигин өзгөртпөстөн чыгымдарын азайтып, карыздарынан кутулууну оңойлоштурууга инструмент берүү. 

    Рефинансылоо төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк жаратат: 

    • Учурдагы насыя боюнча ченди төмөндөтүү;
    • Ай сайын төлөнүүчү төлөмдү азайтуу;
    • Насыяларды бириктирип, каражаттарды башкарууну жөнөкөйлөштүрүү. 

    Кайра каржылоонун эң жогорку суммасы:

    - айлык маяна долбоорунун катышуучулары жана пенсиясын банк аркылуу алган жарандар үчүн 1 000 000 сомго чейин;

    - жөнөкөй жеке жактар үчүн 500 000 сомго чейин.

    Акция 2025-жылдын 30-сентябрына чейин уланат. Шарттар тууралуу кененирээк, керектүү документтердин тизмеси жана онлайн-билдирме калтыруу банктын бөлүмдөрүндө, расмий сайтында жеткиликтүү. 

    Bakai Bank — чынынгы маанилүү нерселер үчүн.


    Тектеш материалды окуу