Жарыяланган
2025-14-08, 18:01Кыргызстанга тур издөөдө жасалма интеллект технологияларынын ролу арта баштады. Бул тууралуу Кыргызстандагы туроператорлор ассоциациясынын башчысы Айша Мамбеталиева Кыргыз-Россия экономикалык форумундагы «Евразия туризминдеги санарип багыты: интеграция жана өсүү стратегиялары» аттуу жыйында билдирди.
Анын айтымында, азыр Кыргызстанга келе турган туристтердин арасында турду жасалма интеллекттин жардамы менен издегендер бар.
"Башында туристтер Кыргызстанга турларды ChatGPT аркылуу издеп жатышат дегенге ишенген эмесмин. Таанышым мага скриншот жиберип, "турларың чын эле ушундай баадабы?" деп сураганда гана ишендим", - дейт Айша Мамбеталиева.
Ал белгилегендей, азыркы маалда турларды сатуу үчүн жалгыз жарнама жетишсиз. Аны менен катар туристтер колдонгон жасалма интеллект жана башка санарип аянтчаларда турлар тууралуу так, туура маалыматтын болушу маанилүү.