Akchabarsearch
Жогорку Кеңештин ишин жасалма интеллект теле алып баруучулар «Мырза» жана «Айым» чагылдырат

Жарыяланган

2026-02-03, 12:36

Жогорку Кеңештин ишин жасалма интеллект теле алып баруучулар «Мырза» жана «Айым» чагылдырат

Жогорку Кеңеште парламенттин ишин чагылдыруу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн жасалма интеллект системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мырза» жана «Айым» аттуу теле алып баруучулар каралып жаткан маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат таратышат.

Эске салсак, төрага Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу боюнча тапшырма койгон. 

Бул демилгенин алкагында парламенттин аппаратына тиешелүү тапшырмалар берилип, кыска мөөнөттүн ичинде бир катар долбоорлор иштелип чыккан. «Мырза» жана «Айым» ошол ишке ашкан долбоорлордун бири болуп саналат.


Тектеш материалды окуу