
Жарыяланган
2025-05-12, 14:29Кыргызстан өзүнүн Жасалма Интеллект (ЖИ) технологиялык системасын ишке киргизди. Бул ийгиликтин аркасы менен өлкөбүз ЖИ-технологияларды өз алдынча түзө алган мамлекеттердин катарына кошулду.
AIRUN долбоорунун башкы жетишкендиги – кыргыз тилинде сүйлөгөн биринчи санариптик ЖИ-аватардын жаралышы.
Ал AIRUN системасындагы үчүнчү негизги элемент болуп саналат. Буга чейин системада көп тилдүү үн жардамчысы бар болчу.
Эми колдонуучу сүрөттү жүктөп, текст киргизсе же үн менен окуса, система автоматтык түрдө ооз кыймылын жана мимиканы тууралап, кыска видео жасап берет.
Платформа браузерде эле-телефондо же компьютерде иштейт.
Акысыз версияда 20 секунддук видео түзүүгө болот.
AIRUN командасы бул технология кыргыз тилинин санариптик чөйрөдө өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп белгилешти.

