Akchabarsearch
Башка жөлөкпул алгандар “бала ырысы” жөлөкпулун ала алабы?

Жарыяланган

2026-25-03, 18:00

Башка жөлөкпул алгандар “бала ырысы” жөлөкпулун ала алабы?

Үч жашка чейинки балдардын баарына төлөнө турган “бала ырысы” жөлөкпулун берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Документте айтылгандай, аталган жөлөкпул бала төрөлгөн күндөн баштап үч жашка чыкканга чейин, бай-кедей үй-бүлөдө төрөлгөнүнө карабай ай сайын берилет. Бир үй-бүлөдө үч жашка чыга элек канча бала болсо, алардын баары “бала ырысын” алса болот. 

Башка жөлөкпул алгандар ала алабы?

“Бала ырысы” жөлөкпулу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулун алган балдарга берилбейт. 

Маселен: “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөдө үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн балдарга алар үч жашка чыкканга чейин төлөнөт (анын өлчөмү 3 миң сом). Ошондо бир үй-бүлөдө үч эм төрөлүп калса, үчүнчү балага үч жашка чыкканга чейин “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулу берилет. Ал эми берки эки ымыркай “бала ырысы” жөлөкпулун ала алышат. 

“Бийик тоолууктарга көмөктөн” башка жөлөкпулду алгандар “бала ырысын” да ала алышат. Мисалы, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандарга кошумча “бала ырысы” жөлөкпулу берилет. 

Белгилей кетсек, “бала ырысы” быйыл 1-июлдан тарта бериле баштайт. Анын өлчөмү 1200 сомду түзөт. 
 


Тектеш материалды окуу