Akchabarsearch
Башкы план: Бишкектин калкы 2050-жылы болжол менен 1.92 млн кишиге жетет

Жарыяланган

2026-27-01, 16:50

Башкы план: Бишкектин калкы 2050-жылы болжол менен 1.92 млн кишиге жетет

Бишкек шаарынын калкынын саны 2050-жылы болжол менен 1.92 млн кишиге жетет. Бул тууралуу шаардын Башкы планында айтылат.

Былтыр шаардын калкы 1.3 млн адамды түзгөн. Демек калк болжол менен 600 миңге көбөйөт, бул шаар инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүнү талап кылат.

Учурда шаар аймагы 41 миң гектарды түзөт. Планга ылайык, келечекте ар бир райондо администрациялык борборлор, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт комплекстери жана эс алуу борборлору курулат.

Ошондой эле план Бишкек агломерациясын өнүктүрүүгө багытталган. Бул аймакта калк келечекте 2.5 млн адамга жетиши мүмкүн. Планда борборлор системасын түзүү, транспортту жакшыртуу жана жумуш орундарын туура бөлүштүрүү каралган.

Экономикалык өнүктүрүү бөлүгүндө Башкы план төмөнкүлөрдү болжолдойт:

•    Эмгекке жарамдуу калктын санын 1.18 млн адамга чейин көбөйтүү;
•    Иштеп жаткан калктын санын 593.9 миңден 944 миңге жеткирүү;
•    Өнөр жай, транспорт, курулуш, социалдык жана тейлөө тармагында 349 миң жаңы жумуш орундарын түзүү.

Эскерте кетсек, агломерация – бул шаар жана анын айланасындагы айылдар менен башка шаарчалар биригип түзгөн чоң калктуу аймак.
 


Тектеш материалды окуу