
Жарыяланган
2026-20-01, 16:51Бишкектеги курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Т. Океев көчөсүндө курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу борборунун курулушунда курулуш ченемдеринин жана талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн “Бина Групп” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ошондой эле көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.



