Жарыяланган
2025-12-08, 17:43Баткен облусунун Кара-Бак айылындагы маданият үйү толук оңдоодон өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы өлкө бюджетинин эсебинен башталып, тендердик баасы 16 миллион сомдон ашкан.
"Аянты 656 чарчы метрди түзгөн маданият үйү 320 көрүүчүгө ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген техникалык жабдуулар менен камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.
Жакынкы күндөрү ал пайдаланууга берилет.