Жарыяланган
2025-13-08, 14:38Жыл башынан бери Баткендеги «Алтын-Аймак» ишканасы Америкага 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Алтын-Аймак» ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштеткен заманбап ишкана болуп саналат.
Ишканада мөмө-жемиш күндүн энергиясынын жардамы менен тез кургатылат. Ошондой эле мөмө-жемишти кайра иштеткен жана таңгактаган линиялары бар.
Сезон учурунда ишканада 40-50 киши иштейт.