Жарыяланган
2025-13-08, 15:56Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирбегенде азыр өлкөдө бензиндин бир литринин баасы 100 сом турмак. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргенине 10 жыл" аттуу конференцияда Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди.
Сариев Кыргызстандын экспортунун 80%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө кетип жатканын сөз кылып, бирикме өлкө үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын айтты.
Аны менен бирге Сариев бирикмеде чече турган бир катар маселелер бар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдөгү конференцияга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт өкүлдөрү, адистер, делегациялар катышууда.