Akchabarsearch
Баткен шаарында 400 млн сомго суу кампасы салына баштады

Жарыяланган

2026-02-07, 17:09

Баткен шаарында 400 млн сомго суу кампасы салына баштады

Баткен шаарында 1-июлда 400 млн сомго суу кампасы салына баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, суу кампада ар бири 6 миң кубдан болгон эки резервуар салынып, анын жалпы көлөмү 12 миң кубду түзөт.

Суу кампа үч ай ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп пландалууда. Анын курулушуна акча өлкө бюджетинен бөлүнгөн.

Аталган кампа салынса, шаар тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүн болот. 


Тектеш материалды окуу