Akchabarsearch
Түп районунда 12 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-02-07, 17:07

Түп районунда 12 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Балбай айылындагы 5 гектар жайыт жер мамлекеттин  менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилке мыйзам талаптарын бузуу менен 2010-жылы жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Ошондой эле Түп айылындагы айыл чарба багытындагы аянты 0.10 гектар болгон жер тилкеси май куюучу жай куруу максатында1997-жылы мыйзамсыз берилген.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 11 млн 559 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекеттик менчикке кайтарылды.
 


Тектеш материалды окуу