Akchabarsearch
78.6 млн сом зыян: Ош шаарында жер казынасын пайдалануудагы мыйзам бузуулар аныкталды

Жарыяланган

2026-23-07, 15:44

78.6 млн сом зыян: Ош шаарында жер казынасын пайдалануудагы мыйзам бузуулар аныкталды

Ошто мыйзамсыз жер берүү жана кум казууга уруксат берүү фактылары боюнча үч кылмыш иши козголду. Прокуратуранын маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 78.6 млн сомду түзгөн.

Ош шаардык прокуратурасынын текшерүүсүндө мэрия тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да кум-шагыл жана чопо казууга 33 күбөлүктү мыйзамсыз бергени аныкталды.

Ошондой эле Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жасалма токтомдордун негизинде жайыт жерлерин жеке адамдарга өткөрүп берип, мамлекетке 78.6 млн сом зыян келтиргени белгилүү болду.

Мындан тышкары, Ош–Ноокат жолунун боюндагы айрым ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн аймактан сырткары кум-шагыл казып, жер кыртышын бузганы аныкталган.

Бул фактылар боюнча үч кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу, лицензияларды кайтарып алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштамалар берилди.
 


Тектеш материалды окуу