Akchabarsearch
Таласта 4.8 млн сомдук мыйзамсыз менчикке өткөн жерлер мамлекетке кайтарылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-22-07, 13:10

Таласта 4.8 млн сомдук мыйзамсыз менчикке өткөн жерлер мамлекетке кайтарылды

Талас районунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен 0.20 гектар жер жана кампа курулмалары мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, кайтарылган мүлктүн жалпы баасы 4 млн 798 миң сомду түзөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2000-жылы Көк-Ой айылындагы Талас токой чарбасына тиешелүү 0.08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп кеткени аныкталган. 

Ошондой эле Кең-Кол айыл өкмөтүндөгү 25 чарчы метрлик кампа курулмалары жайгашкан 0.12 гектар жер тилкеси да мыйзамсыз берилген.

Прокуратуранын көргөн чараларынын негизинде аталган жер тилкелери жана курулмалар кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.


Тектеш материалды окуу