
Жарыяланган
2026-09-07, 17:25Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылындагы эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1235 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имараты жана 5453.45 чарчы метр жер тилкеси 1996-жылы жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин бир нече жолу сатылган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы баасы 48.1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.



