Жарыяланган
2025-12-05, 12:22Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аскер кызматкери (Ж.А.С.) 28-апрелде аткезчилерге Кыргызстандан Тажикстанга бодо малды мыйзамсыз өткөрүүгө жардам берип, аларды коштоп бара жатканда кармалган.
Бул иш боюнча материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген.