
Жарыяланган
2026-30-06, 14:09Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда 27-июнда болгон катуу шамал 16 млн сом зыян келтирди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, аталган күнү секундасына 27-28 метрге жеткен катуу шамал болгон. Анын айынан турак үйлөрдүн, социалдык имараттардын чатырлары жабыркап, башка чыгымдар келтирилген. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген зыян 16 млн сомду түзгөн.
Облус башчысынын орун басары Бактыбек Токсонбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жабыркаган жарандардан үзгүлтүксүз кабар алып, алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүнү, социалдык объектилерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүүнү тапшырган. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү тапшырмасын берген.
Андан тышкары, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык саламаттык сактоо кызматтарына кырсыктан жабыркаган эки жаранга зарыл болгон бардык медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү тапшырган.



