Akchabarsearch
Кербенде 6 кабаттуу 18 ипотекалык үйдүн курулушу башталды

Жарыяланган

2026-30-06, 14:52

Кербенде 6 кабаттуу 18 ипотекалык үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында «Хан-Теңири-7» турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди. 

Аталган комплекс 18 үйдөн туруп, анын ар бири 6 кабаттан болуп салынат.  
Комплексте 540 батир болсо, анын 126сы – бир бөлмөлүү, 306сы – эки бөлмөлүү жана 108и – үч бөлмөлүү батир болот. 

Бул үйлөрдүн курулушуна капсула салуу аземине катышкан президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы турак жай комплекси жашоочулар үчүн бардык заманбап шарттар менен салынарын айтты.  

“Бул долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан толук колдоого алынып, аймактардагы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат”, - деди ал. 


Тектеш материалды окуу