
Жарыяланган
2026-30-06, 15:26Кечээ 29-июнда Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаевдин жана катышуусунда бизнес-долбоорлору жактырылган жарандарга социалдык контракт программасынын негизинде сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2026-жылга Талас шаарына 68 квота бөлүнүп, анын ичинен 1-кварталда 37, ал эми 2-кварталда 31 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылып, план 100% аткарылды.
Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жарандардын киреше булактарын көбөйтүүгө багытталган.



