Akchabarsearch
Эмгек министрлиги: Жөлөк пул алуучулардын саны 196 миң адамга кыскарды

Жарыяланган

2026-06-02, 17:58

Эмгек министрлиги: Жөлөк пул алуучулардын саны 196 миң адамга кыскарды

Жөлөк пул алуучулардын саны дээрлик 195,9 миң адамга кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов коллегияда билдирди.

Анын айтымында,  жөлөк пул алгандардын саны 2021-жылы 359,5 миңден 2025-жылы 163,6 миңге чейин азайды.

Белгилей кетсек, 2022-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга “Социалдык контракт” программа ишке кирген. Министрликтин маалыматы боюнча 3 жылдын ичинде жалпы 3 млрд сомдон ашык каражатка 35 миң 226 үй-бүлө менен “Социалдык контракт” түзүлгөн. 2025-жылдын март айында социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлгөн.


Тектеш материалды окуу