Akchabarsearch
Кыргызстанда  266 миң 166 бала "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун алууда

Жарыяланган

2026-04-11, 14:47

Кыргызстанда 266 миң 166 бала "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун алууда

Кыргызстанда үч жашка чейинки 266 миң 166 бала "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун алууда. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын ноябрь айында жөлөк пул төлөөгө 328 млн 20 миң 598 сомдон ашык каражат талап кылынат. Октябрь айына салыштырмалуу алуучулардын саны 13 миң 467 балага көбөйгөн.

Жөлөк пул алууга берилген арыздардын 84%ы "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылган. Ошондой эле жарандар министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, жөлөк пулду тариздей алышат.

Жөлөк пул алуучулардын банктык эсептерине которулуп, төлөмдөр ар айдын 1инен 10уна чейин жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу