Akchabarsearch
Депутат кош бойлуу аялдардын баарына бир жолку жөлөк пул берүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-25-02, 10:35

Депутат кош бойлуу аялдардын баарына бир жолку жөлөк пул берүүнү сунуштады

Депутат Нуржамал Төрөбекова кош бойлуу аялдардын баарына бир жолку жөлөк пул берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жөлөк пулду дарыгердин маалыматы аркылуу эле берүү керектигин айтты.

“Бүгүнкү күндө кош бойлууларга берилүүчү жөлөк пул негизинен расмий жумушу бар, жеке ишкерлерге же үлүш жери бар аялдарга гана берилип жатат. Ал эми үлүш жери жок, расмий жумушу жок карапайым аялдар бул жөлөк пулдан кур калууда. Менин сунушум кош бойлуу бардык аялдарга жумушуна, үлүш жерине карабастан дарыгердин маалымкаты менен бир жолку жөлөк пул берүү маселесин кароону сунуштайм. Бул сумма чоң болбосо да, энелер үчүн чоң колдоо болот”, - дейт ал.


Тектеш материалды окуу