
Жарыяланган
2026-06-05, 14:24Баткен облусунда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Баткен облусуна кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен тилкеде салынган “Достук” стелага барып, ал жерде курула турган соода-экономикалык парктын долбоору менен таанышкан.
Планга ылайык, 100 гектарды ээлей турган комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарынан турат. Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Долбоор ишке ашкан учурда 5 миңден ашык жумуш оруну түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт.
“Мындан тышкары, концепцияда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган. Бул маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт”, - деп айтылат маалыматта.



