Akchabarsearch
Ошто канал жээгине мыйзамсыз салынган курулуштар буздурулууда

Жарыяланган

2026-06-05, 16:11

Ошто канал жээгине мыйзамсыз салынган курулуштар буздурулууда

Ош шаарында Увам каналынын корук аймагында мыйзамсыз салынган курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Мэр Жанар Акаев аталган каналдын жээгинде мыйзамсыз курулган объектилерди көрүп чыгып, аларды бузуу боюнча тапшырма берген. 

Акаев ишкерлерди жана жарандарды мыйзамды так сактоого чакырып, уруксатсыз курулуш иштерине жол бербөөнү эскерткен.

Шаар бийлиги белгилегендей, буга чейин аталган каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулган. Бирок айрым жарандар өз билемдик менен кайрадан курулуштарды тургузуп алган. Мэрия учурда андай курулуштарды кайрадан бузуу иштери жүргүзүлүп жатканын жана андайга жол бербеш үчүн көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди. 


Тектеш материалды окуу