Akchabarsearch
Баткенде кичи ГЭС салып жаткан компанияга айып салынды

Жарыяланган

2026-18-09, 10:48

Баткенде кичи ГЭС салып жаткан компанияга айып салынды

Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында кичи ГЭС салып жаткан курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, “Исфайрам-4” кичи ГЭСинде пландан тышкару текшерүү жүргүзүлүп, арматураны токуу иштери талаптагыдай аткарылбаганы аныкталган.

Ага байланыштуу курулушту жүргүзүп жаткан “Бай Строй” компаниясына акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген. Ошондой эле ага 200 миң сом айып салынган. 

Кемчиликтер жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулган.


Тектеш материалды окуу