Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 3.5 миң сомго кымбаттады

Жарыяланган

2026-18-09, 09:09

Улуттук банктын алтынынын унциясы дээрлик 3.5 миң сомго кымбаттады

Бүгүн, 18-сентябрга карата Улуттук банктын алтынынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 384 миң 128.5 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк элден алтындын унциясын (31.1035 грамм) 380 миң 639.5 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 3 миң 489 сомго кымбаттады.

Бүгүн алтындын унциясы элге 389 миң 890.5 сомдон сатылууда. 
 


Тектеш материалды окуу