Akchabarsearch
Өкмөт ички рыноктон 600 млн сом карыз алууну пландап жатат

Жарыяланган

2026-17-09, 18:36

Өкмөт ички рыноктон 600 млн сом карыз алууну пландап жатат

Каржы министрлиги 18-сентябрда мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, ички рыноктон 600 млн сом карыз алганы жатат. 

Аталган сумманын 350 млн сому үч жылга алынат. Анын пайыздык чени 5%ды түзөт. Карыз 2029-жылдын 21-сентябрына карата төлөнүп бүтөт деп пландалууда.

Дагы 250 млн сом 10 жылга алынат. Анын үстөк чени 8%ды түзөт. Карыз 2036-жылдын 21-сентябрына карата төлөнөт.

Мамлекеттик казына облигациясы - мамлекет чыгарган баалуу кагаз. Аны сатып алган инвестор мамлекетке карыз берет десе болот. Мамлекет баалуу кагазды ким алса, ага акчасын үстөк пайызы менен кайтарып берет. 


Тектеш материалды окуу