Akchabarsearch
Баткенде жогорку чыңалуудагы жалпы 1400 км аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Жарыяланган

2026-13-02, 11:59

Баткенде жогорку чыңалуудагы жалпы 1400 км аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Баткенде жогорку чыңалуудагы жалпы 1400 км аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалымат боюнча, 2026-жылга каралган план-графикке ылайык 20 км аба чубалгы капиталдык оңдоодон, 1380 км аба чубалгы кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Аталган иштер 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында уюштурулуп, март айынан тарта ноябрь айына чейин этап-этабы менен ишке ашырылат.

Оңдоп-түзөө иштери Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында жүргүзүлөт.

Учурда жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын Сүлүктү участогунда 110 кВ «Ходжа-Бакирган–Арка» жана 110 кВ «Арка–Морская» аба чубалгыларында жалпы 7 км аралыкта пландуу оңдоп-түзөө иштери башталды. 

Бул иштердин алкагында эскилиги жеткен 190 даана изолятор жаңысына алмаштырылат. Мындан тышкары, изоляторлор менен бирге линиялык арматуралар да жаңыланып, техникалык талаптарга жооп берген заманбап жабдуулар орнотулат.


Тектеш материалды окуу