Akchabarsearch
Быйыл Баткенде 8 миң 772 даана изолятор жаңыланат

Жарыяланган

2026-20-02, 09:20

Быйыл Баткенде 8 миң 772 даана изолятор жаңыланат

Быйыл Баткен облусунда 220/110/35 кВ аба чубалгыларында жалпысынан 8 772 даана эскирген изоляторду жаңысына алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен бөлүмү тарабынан алмаштырылат.

Анын ичинде:

4 200 даана изолятор — Кызыл-Кыя бөлүмү;

1 572 даана изолятор — Сүлүктү бөлүмү;

3 000 даана изялятор —.

Аталган иштер Баткен электр тармактар ишканасынын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында уюштурулуп, март айынан тарта ноябрь айына чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. 

Бул иштердин жыйынтыгында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын техникалык абалы жакшыртылып, керектөөчүлөргө электр энергиясын сапаттуу жана туруктуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү кеңеет.

Эске салсак, 2025-жылда Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 220/110/35 кВ аба чубалгыларында 7200 даана эскирген изолятор толугу менен жаңысына алмаштырылып, 7513 даана жаңы айнек изоляторлор коюлду.


Тектеш материалды окуу