
Жарыяланган
2026-18-08, 17:30Баткен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан "Асман Резиденс-1" турак жай комплексиндеги алгачкы үйлөр быйыл ноябрь айында ээлерине берилет. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Азыр бул турак жай комплексинде жалпы 12 кабаттан турган 37 үй салынып жатат. Аларда жалпы 2 миң 364 батир бар.
Анын ичинен быйыл ноябрда 17 үй же 1004 батир бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылат.
Үйлөр менен катар тургундарды суу менен камсыздоо үчүн суу кампа, ага кошо саркынды сууну тазалоочу курулма, кышкысын жылуулук бере турган откана салынууда.



