
Жарыяланган
2026-18-08, 14:10Ош облусунда Ылай-Талаа - Гүлчө жолу асфальтталууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган жолдун жалпы узундугу 55 чакырымды түзөт.
Учурда жолдун 15 чакырым аралыгында курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 4 чакырымына асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жүрүүдө.
Курулуш иштерин «Жагалмай» компаниясы аткарууда.
Жол 2027-жылдын ноябрында пайдаланууга берилет деп пландалууда.



