Akchabarsearch
Беш айда Кыргызстанга 356.3 миң чарчы метр линолеум импорттолду

Жарыяланган

2026-18-08, 13:03

Беш айда Кыргызстанга 356.3 миң чарчы метр линолеум импорттолду

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 356.3 миң чарчы метр линолеум импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өлкөгө ташылып келген линолеумдан жалпы наркы 44.1 млн сомду түзгөн.

Кыргызстанга линолеум Кытай (217.5 миң чарчы метр), Өзбекстан (72.2 миң чарчы метр) жана Россиядан (66.7 миң чарчы метр) ташып келинген.

Былтыр беш айда болсо Кыргызстанга 211.6 миң чарчы метр линолеум импорттолгон.


Тектеш материалды окуу