
Жарыяланган
2026-18-08, 13:40"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдардан тушкөн акчанын жарымы Саламаттык сактоо министрлигине бериле баштайт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, айыппулдардан бюджетке түшкөн акчанын 50%ы Саламаттык сактоо министрлигине берилип, тез жардам унааларды жана аларга керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалышы керек.
Айыппулдардан түшкөн акчанын калган бөлүгү жана туумдан түшкөн акча бюджеттин өзүндө калат.
Аталган токтом 28-августта күчүнө кирет.



