
Жарыяланган
2026-18-08, 12:31Транспорт департаменти быйыл жети айда өлкө бюджетине 247 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган департаменттин кызматкерлери жети айда 500 миңге жакын унааны текшерип, 8.2 миңден ашык мыйзам бузуу аныктаган. Алар үчүн салынган айыппулдардан 83.3 млн сом түшкөн.
Унаалардын салмак-көлөмүн ченөөдөн 7.4 млн сом, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруудан 10.6 млн сом жыйым жыйналган.
Ошондой эле атайын уруксат кагаздарын берүүдөн 135.8 млн сом жыйым, көп жолу колдонулуучу уруксат кагаздарынан 10 млн сомдон ашык жыйым алынган.
Жыйынтыгында, 2026-жылдын жети айында мамлекеттик казынага 247.2 млн түшкөн.



